Ордо калаабызда жыл сайын салтка айланып өтүп келүүчү жапон элинин күжүрмөн искусствосу менен бирге музыкасы айкашкан фестивалы аяктады. Фестивалдын ачылыш аземинде КР сумо федерация президенти Айбек Чекошев менен жапон посолу Ёсихиро Ямамуро катышып, эки элдин достугун жана каада-салтын бекемдөө боюнча сөз курашты. Мындан сырткары, КР Йайдо федерациясынын президенти Чынара Эсенгул “Жапон күжүрмөн искусствосу анын ичинде йайдо өнөрү кыргыз жергесинде кулачын кенен жайып келүүдө. Бүгүнкү күндө кызыкандардын саны арбууда” деди. Айтмакчы, жапон элинин улуттук музыкалык аспаптарынын бири болгон барабан же бизче добулбастары ар бир спорттук иш-чаранын алдында спортчуларга рухий күч берүү максатында ойнолуп атты.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ