Menu

Бир ырдын тарыхы: Обонго айланган сүйүү

Бөлүшүү:

Эл арасында “ Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи…” деген керемет саптары бар сөзү Омор Султановго, обону Асанкалый Керимбаев агабызга таандык “Ак булуттар” деп аталган чыгарма кеңири таралып угуп, ырдап жүрүшөт. Жакында эле бул ырды таланттуу агаларыбыздын бири Токтобек Асаналиевдин аткаруусунда да угуп калдык. Дал ушул чыгарма кантип, качан жаралып калгандыгын билүү максатында кызыкдар болуп  акын Омор Султанов агайдын иш бөлмөсүндө отурдум. Акындын айтуусунда бул ыр жетимишинчи жылдардын аягы, сексенинчи жылдардын башында жаралган.

Ар бир адам сүйүү деген ооруу менен ооруйт эмеспи… бул сезим абдан күчтүү сезим. Башкалар сыяктуу Омор агай да учурунда  бир татына кызга ашык болот.  Бул чыгарма ошол кызга арналган. Ортодо таарынышып, турмуш шартка байланыштуу бир топ убакыт алысташып калышат. Ажырашуу-өтө оор нерсе. Агай өзү Көлдө чоңойгондуктан бир күнү жалгыз көл жээктеп жөнөйт.  Көлдүн үстү тыптынч, асман көпкөк бирок  булуттар калгып  кетип жатышкан экен.  Мына ошолордун баардыгы, табияттын, көлдүн керемет көрүнүшү  дал ушул чыгарманын сюжетинин жаралышына түрткү болгон.  Ырда башкы каармандар: көл, булуттар жана эки сүйүшкөн жаш десек болот.  Агай алгач бул ырга обон чыгат деп деле ойлогон эмес. Анан эле 1978-жылы   залкар обончу Асанкалый Керимбаев  “Ак булуттарга” обон жаратканын айтып Омор Султановго а дегенде бир куплетин ырдап берет. Ырдын да обончунун тагдырына байланышкан шарттары  бар экенин билем, Асанкалый мыкты обончу эле. Жашоодо да толуп-ташып турчу, акырында сүйлөй алчу эмес, бирок бир түнөрсө көпкө кабагы ачылбай коет эле дейт Омор Султанов. Ошол бир куплетке обон чыгарып ырдап бергенден бир жума өтпөй  Асанкалый Керимбаев Омор агайга телефон чалып, ырга толук обон жазылып бүткөндүгүн айтат.  Негизинен бул чыгарма  беш куплеттен турат. Бирок обончу “Булуттар тоо башына түнөйсүңөр” деп башталган баштапкы биринчи куплетин ырга кошкон эмес.

Кыш  мезгилинде мен Көлгө өзүмдүн айылым Тосорго бара жаткам. Асакени чакырып, ыр жаралган жерди көрүп кел деп ээрчитип алдым. Кыш мезгили, көл жээгине барып алып “Ак булуттарды” берилүү менен ырдады. Бир аздан кийин карасам Асаке ыйлап жаткан экен. Аздан соң мен да шолоктоп ыйладым. Кечинде Акембай деген таякемдикинде боз үйдө отуруп ырдап берсе, толкунданып чыдабай кеткен таякем ыр үчүн  түн бир оокум экендигине карабай бир козусун союп берген эле. Ал өзү ырдачу деле эмес. Менимче Асанкалыйдын ырдаганы өтө чоң таасир берсе керек.   Теңтуштарынын айтуусунда  Асанкалый  “ Мен өлгөндө үйдөн мүрзөгө, мүрзөдөн үйгө чейин “Ак булуттарды” ойнотуп келгиле  деп керээз кылып айткан экен” –дейт Омор Султанов. Орустун бир композитору айткандай обончулар “элден алып элге беришет эмеспи”. Убакыттын өтүшү менен мыкты композиторлор чыкса бул ырдын обонун негиз кылып алып бир  чоң симфониялык  чыгарма жаратса болчудай. Музыкалак жанрга бир нерсе негиз болушу керек эмеспи. Ал эми поэзия түрүндө салабаттуу, кийинки муундарда  айтып, ырдап жүрө турган ырлардан болот го деп ойлойм.

Ал эми  Асанкалый Керимбаев  “Ак булуттарды” ырдап чыкканынын себебин кайсы бир маалымат булактарында төмөнкүчө баяндаган: Омор байкенин ырлар жыйнагы кокусунан колума тийип калды, анын ичинен “Ак булуттар” деген ыры өзгөчө жакты. Кайра-кайра кайталап окудум.  “Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,

Айдалып баратканда ак булуттар” деген саптарды окуганда ысык жаш көзүмө толо түштү. Менин чоң атам кезинде жалган жалаа менен айдалып баратканда чон энем көзүнүн жашын тыя албай боз үйдүн  босогосунда ыйлап турган экен. Денемди жалын каптагандай, ошол элес көз алдыма келип, көөдөнүмдүн тереңинде  бугуп жаткан, буулуккан “Ак булуттар” деген ырга айланды” деп айтканын окуганым бар.

Жаралганына бир топ жыл болсо да бул ыр азыркы убакытка чейин өзүнүн маани-маңызын жоготпой жаштар арасында да ырдалып келе жатат. Жогоруда Омор агай айткандай келечектин обончулары үчүн мыкты симфониялык чыгарма жаратууга негиз боло турган чыгарма болот деген ойдомун. АК БУЛУТТАР

Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,

Силерди ак булуттар жолдош кылып.

Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,

Олтурам эскерүүдөн ичтен сызып.

 

Сезгендей айрыларды коркоор элем,

Алтын кум сен баарына орток элең.

Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,

Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

 

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,

Каралдым жашоодо көп жакшылык бар.

Сен азыр эмнени ойлоп турдун экен,

Айдалып баратканда ак булуттар.

 

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,

Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди.

Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,

Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

Алмазбек кызы Шарипа

Булак: Асман плюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: