Кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди жеңип алды. Бул маалыматты Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Тендер 8-майда жарыяланган. Сынакка катышкандардын арызы автоматтык тартипте 23-августта мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталында ачылган (www.zakupki.gov.kg).
Тендерге катышкандар:.
- “Концерн радиостроения “Вега” акционердик коому, ал 4 миллиард 802 миллион 338 миң сомдук кызматты сунуштаган (бул компания долбоордун биринчи этабын ишке ашырган);
- Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd ишканасы — 2 миллиард 654 миллион 558 миң сом;
- “Безопасность информационных систем” ишканасы — 5 миллиард 67 миллион 794 миң сом.
Тендердин комиссиясы “Коопсуз шаарды” кытай компаниясына тапшырган. Анткени алардын кызмат үчүн сунуштаган баасы арзан жана документтери сынактын талабына ылайык болгон. Ал эми “Вега” тапшырган документтер кабыл алынган эмес. Буга себеп — компаниянын Мамлекеттик салык кызматы менен Социалдык фондуга карыз эмес деген кагазын берген жок деп айтышты.Конкурстук комиссиянын курамында ИИМдин, УКМКнын, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Жолдор жана транспорт министрлигинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү кирген. Аларга Жогорку Кеңештин депутаттары байкоо салып турганы айтылды.
Долбоордун экинчи этабында жол эрежесин бузгандарды сүрөткө тарта турган 306 камера орнотулмакчы.
Алар төмөнкү аймактарга коюлат:
- Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол — 48 камера;
- Бишкек — Нарын — Торугарт — 43 камера;
- Кара-Балта — Жалал-Абад — 62 камера;
- Жалал-Абад — Өзгөн — Ош — 24 камера;
- Ош — Сары-Таш — Эркечтам — 57 камера;
- Суусамыр — Талас — Тараз — 9 камера;
- Ош — Баткен — Исфана — 19 камера;
- Бишкек — 44 камера;
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ