Жогорку Кеӊеште жаӊы өкмөттүн түзүмү, курамы, иш программаны талкууланып жатканда, депутат Кенжебек Бокоев кант кызылчасын кабыл алуу жайлары мурда түзүлгөн келишим шарттарын өзүмбилемдик менен бузуп, өткөрүлгөн кызылчанын 40 пайызын акчалай, калган бөлүгүн кант түрүндө берүү менен, дыйкандарды кыйнап жатканын билдирди.
Депутат Сооронбай Жээнбековду кабыл алуу жайларынын дыйкандарга кант кызылчасынын акысын акчалай төлөп берүүсүнө көмөк көрсөтүүгө чакырды. Премьер-министрликке талапкер бул маселе мурда келишим кандай түзүлсө, ал дал ошондой шартта чечилерин белгиледи.
Андан сырткары, эл өкүлү Кыргызстандын нефитиси менен газ сындуу байлыктары жок экенин, ошондуктан анын башкы байлыгы суу болуп саналарын айтып, суу товар катары карала баштай турганына кызыкты. Сооронбай Жээнбеков бул багытта өкмөттө да маал-маалы менен маселе козголуп келатканын, аны акырына чыгаруу аракеттери жасаларын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ