Menu

Таэквондо: Академиясынын балдары фестивалдын көркүн ачты

Бөлүшүү:

Тажикстандын Худжанд шаарында таэквондо WTF жааты боюнча эл аралык мелдеш өттү. Кыргызстандан 12 спортчу жана Кызыл-Кыя шаарынын балдары аттанган эле. 13-14-17 жаштагы жана чоңдор арасында болуп, жаш курагы боюнча 3 тайпа боюнча мелдеш жүрдү. Мелдештин жыйынтыгы биздин балдар үчүн жаман болгон жок. Жалпы жонунан 6 алтын, 3 күмүш, 5 коло медалды өз үйлөрүнө бөктөрүп келишти. Алтын медаль жеңип, турнирдин чемпиону аталгандардын арасында Руслан Косо оглы, Эмиль Цой, Элчибек Мамасалиев, Владимир Тюленев жана Кристина Дементьевалар болушту. Күмүш медалга арзыган атлетчилерден Алексей Колчин менен Иман Азамат уулун баса белгилесе болот. Булар атаандаштарына бир аз гана упай артыкчылыгында алтынды алдырып ийишти. Коло медаль жеңген Фариз Сабитов да болгон күч аракетин жумшап, байгелүү орунга илинди. Таэквондо академиясынын президенти Убайдула Тохтурбаев кол алдындагы балдардын мелдештеги жыйынтыктарына мыкты баа берип, кылып аткан иштеринин үзүрү кайтып атканын баса белгиледи.

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: