Menu

Каттоо кызматындагы коррупция качан тыйылат?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик каттоо кызматындагы жемкорлук чегинен ашып кетти. «Кой» деген кожо жок оолуп, жетекчилик шалаакылыкка берилсе ылдый жактагыларга Кудай берип коет экен да. Чет өлкөлүктөргө «пачкелеп» паспорт бергендиги жагынан биздин кызмат алдыга ат салдырбай калды. Буга эки жыл мурун Туркиядагы 98 уйгурдун кармалганы күбө. Кашайып, жакында дагы бир чоң иштин бети ачылды. Айтсак, Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо кызматынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн бакандай кызматкерлери май талканга маарыш үчүн биздин жарандын паспортун чет өлкөлүккө жасап беришкен. Аталган документтер алуучулардын катышуусу жок даярдалып, бөлүмдүн 2 кызматкери башчысы менен кошо кол коюп берген. Укук бузууларды комиссиянын толук курамы да билген, бирок чара көргөн эмес. Ага ылайык, такталбаган төрт жараңдын бирөөсү 1993-жылы туулган Шавкат уулу Давлатхожага таандык паспорт алган. Жашаган жерин текшерүү учурунда Шавкат уулу Давлатхожа 1995-жылы эки жашында оорудан каза болгондугу аныкталган. Мындай фактылар өтө көп, эми бул качан тыйылат?

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: