Menu

Алексей Василивецкий: Алмазбек Шаршенович, сиз дайым ойлонбостон иштин баарын кылып коюп, башкаларга күнөөнү оодарып, ара жолдо таштап коесуз

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башкы идеологу Фарид Ниязов кең Россиядан таап келген, акыркы 8 жылда Кыргызстанда сайраңдаган, көмүскөдө өлкөдөгү саясатты болушунча калчаган «балиттехнолог» Алексей Василивецкий куйругун түйгөн бойдон өлкөдөн качты. Болгондо да жөн качпай, коомчулукка жар салып, анан дагы Алмазбек Атамбаевге болгон таарынычын кат аркылуу жазып, эч ким менен «коштошпостон» көздөн кайым болуптур. Анын жазган бул каты учурда интернет тармактарга таркап, кызуу талкууга алынган кези.

«Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Менин аракеттеримди түшүнөт деген үмүттө сизге кат жазып жатам. Чукул арада кетишим керек болуп, түз сизге айтууга мүмкүнчүлүк болбоду. Менин абалымды түшүнүп, мындай кадамымды кечиресиз деген үмүтүм бар. Шайлоо кампаниясына кеткен акча каражаттарын ММКларга чыгарып жиберүү эртелик кылат деген пикиримди айткан элем. Бирок сиз менин айткандарыма ынанбай, акыл-эстүү кеңештерди укпай койдуңуз. Бул окуя баарыбыздын кадыр-баркыбызды таптакыр түшүрүп салды.

Мындан тышкары, сиздин жардамчыларыңыз аркылуу мага карата коркутуулар тууралуу сөздөр жетти. Бул коркутууларды сиз айтып жатыпсыз. Мен эки тараптуу кысымдын алдында калуудан абдан коркуп жатам, мага бул оор болуп жатат. Сиз дайыма ойлонбостон иштин баарын кылып коюп, башкаларга күнөөнү оодарып, анан аларды ара жолдо таштап коесуз. Мен андайлардын арасында болгум келбейт. Ушул 8 жыл ичинде менин Кыргызстанда аткарган жумушум чын ниеттен жакшы аткарылган. Мен актанбайм, бирок мени түшүнүп, кечириңиз.

А.Василивецкий»

Эске салсак, алгач журналисттердин суроосуна Василивецкий Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы «кара касса» делген жасалма документтеги өзүнүн алды деген акчаларынан баш тартып, «мен таптакыр ал акчага да, Сооронбай Жээнбековдун штабына да тиешем жок» деп моюн толгогон. Мындай жоопту күтпөгөн Атамбаев Фарид Ниязов аркылуу Василивецкийди кайрадан «обработкадан» өткөрүп, эмне деп сүйлөштү үйрөтүп, видеого тарттырып, коомчулукка жарыялаткан. Анткени эгерде Василивецкий ал
акчаларды албаган болсо, демек Ниязовдор чыгарып жиберген кагаз жасалма экени, ал жактагы маалыматтар ойдон чыгарылып, ар кимге чапташтырылганы айгинеленип жатпайбы!

Чын-чынына келгенде, Василивецкий акыркы жылдары Ак үй, Көк үйлөрдөн башы чыкпай, Атамбаев, Сапар Исаков ж.б. булардын айланасындагы чоң-кичине чиновниктердин акыл кошкон кеңешчиси болуп, баягы өзү айткан 170 миң доллардан алда канча көп сумманы алганы анык. Ошол эле маалда коркоктук, суу жүрөктүгү менен айырмаланганын аны жакындан билгендер айтып жүрүшөт. Жогоруда өзүнүн жазган катында да муну ал тастыктады.

Атамбаевдин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн башына кара булуттар айлана баштаганда жана Атамбаевдин өзүнөн коркутуулар башталганда, эртерээк куйругун түйүп качууну эп көрдү. Анткени ага эми баягыдай миңдеген долларларды эч ким төлөп турбайт. Бул бир. Экинчи жагынан, Василивецкий жашылбайлар үчүн гана биздин өлкөдө кармалып жүрдү да, ал Атамбаев үчүн эч качан аягына чейин туруп бермек эмес.

Ошол себептерден улам, Василивецкийдин качып кетишин Атамбаев айтмакчы – дагы бир «мите курттан» арылганыбыз деп эсептешибиз керек. Ушундай адамдардын акылына муктаж болгон чоңдордун башкарганына чыдап жашап жүргөнүбүзгө ичиң ачышат…

Каныбек Кадыралиев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: