Бул тууралуу 20-январда журналист өзүнүн Facebook баракчасына жазып, повестканын сүрөтүн да койгон.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча журналистти ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча чакыртып жатышкан экен. Курсан Асанов Т.Бейшенбековго сайтка жарыялоо үчүн жашыруун маалыматтарды берген имиш.
Журналист Аскер прокуратурасына экинчи ирет чакырылып жатат. Мурда ал Курсан Асанов менен жакын тааныш эместигин айткан.
Ал эми Курсан Асанов 13-августта “кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатып, ишенимден кетти” деп кызматтан алынып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кылмыш иши козголгон. 23-августта айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, өзү 27-августта камакка алынган. Бирок генералды сот үй камагына чыгарган эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ