Москва шаарында полиция кызматкеринин өлүмүнө шектелип кармалган Нурлан Муратовдун иши сотко өткөрүлдү. Мындай маалыматты Орусиянын ММКлары жазып чыкты.
Алардын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, иш сотко жөнөтүлгөн. Ошондой эле көптөгөн соттук экспертизалар жүргүзүлүп, “айыпталуучунун кылмышка катыштыгы бар” деген тыянак чыккан. Албетте, “күнөөнү мойнуна алдыбы же алдырыштыбы?”,- суроо туулбай койбойт. Себеби, ал буга чейин ага тиешеси жоктугун айтып, башкача маалымат берген эле.
Эске сала кетсек, 3-сентябрда, түнкү саат болжол менен 01.00.дө Москва метросунун “Курская” станциясында Нурлан Муратов аттуу кыргыз жигит полициянын иш бөлмөсүндө анын табелдик куралын тартып алып, атып өлтүргөнү тууралуу Орусиянын тергөө комитети маалымат тараткан.
«Московский комсомолец» басылмасынын маалыматы боюнча, Нурлан Муратов 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына катышып, башынан жаракат алып, психикалык жактан жабыркаган. Ал 2010-жылы Оренбургдан Орусия Федерациясынын жарандыгын алган. 7 жылдан бери аялы, балдары менен Москвада жашап жаткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ