Menu

Сөз оңолсо иш оңолот. Бактылуу элдин башчысынын сөзүн карагыла. АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын сөзү

Бөлүшүү:

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп өзүнүн жеңиштүү сөзүндө бүткүл дүйнө жүзүнө кайрылды

“Мен дүйнө жүзүнө, эгер биз алдыбызга бүтүндөй Американын кызыкчылыгын койсок да, биз бардыгы менен бирге болорубузду айткым келет. Ар бир эл, ар бир улут менен тил табышабыз. Бул каршылашуу эмес, өнөктөшүү болот”, – деп белгиледи Дональд Трам өз тарапташтары алдында сүйлөгөн сөзүндө.

“Мага жаңы эле Хиллари Клинтон телефон чалды. Бизди жеңишибиз менен куттуктады. Мен аны жана үй-бүлөсүн ушул өтө эле жөнөкөй болбогон шайлоо кампаниясындагы күрөшү менен куттуктадым. Хиллари өз өмүрүндө өтө көп иштеди. Анын биздин өлкөгө кылган кызматы үчүн ыраазылык айтышыбыз керек”, – деди АКШнын жаңы президенти.

Дональд Трамптын пикири боюнча эми “Америка бөлүнгөндү токтотууга тийиш” жана “улутту токтоосуз кайра куруу тууралуу” ойлонушу керек.

“Демократтар республикалыктар менен бир улутка биригүүгө тийиш. Мезгил жетти. Мен өлкөнүн жарандарынын баарына мен бардык америкалыктардын президенти болом деп ант берем. Мен үчүн бул өтө маанилүү. Мурда мени колдобогондорго биргелешип иштөө жана өлкөнү бириктирүү үчүн жардам сурап кайрылам. Мен башынан эле айткандай, бизде кампания эмес, бир түрү укмуш кыймыл болду. Өз ишин сүйгөн эркектер менен аялдар өздөрү жана өз үй-бүлөлөрү үчүн күрөшүштү. Бул кыймыл бардык улуттардагы жана диний ишенимдердеги америкалыктарды бириктирип, алардын баары бийлик өз элине кызмат кылышын каалашат. Мына ошондой эле болот. Биз биргелешип иштеп, өз улутубузду токтоосуз кайра курууга киришебиз”, – деп айтты Трамп.

АКШнын 45-президенти жаңы жумушчу орундарын, жаңырган инфраструктураны түзүүнү жана көптөгөн өлкөлөр менен мамилени жакшыртууну убада кылды.

“Бизде өтө зор ишке ашырыла элек күч-кубат бар, мен мына ушул күч-кубатты кантсе да ишке ашыруу менен алек болом. Өз күч-кубатын ишке ашырууга ар бир америкалык мүмкүнчүлүк алат. Биздин өлкөнүн көмүскөдө калган адамдары мындан кийин көмүскөдө калбайт. Биз инфраструктурабыз менен алек болуп, баарын – жолдорду, көпүрөлөрдү, шаарларды жаңыртып чыгабыз. Миллиондогон адамдар ишке орношот. Акыркы 18 ай ичинде мен биздин көптөгөн ардагерлер менен жолуктум. Мен үчүн бул чоң сыймык болду. Булар улуу адамдар. Мен биздин таланттарды көбөйтөм, анан биз баарыбыз биригип, таланттар биздин элдин бакыбат жашоосу үчүн кызмат кылышын камсыз кылабыз. Биздин экономиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү планыбыз бар, биз бардык өлкөлөр менен тил табышабыз жана көптөгөн өлкөлөр менен мамилебизди жакшыртабыз. Кыялдын чоңу болбойт, максаттын оору болбойт, биз баарына жетебиз. Америка өзү үчүн эң  жакшыны гана тандайт. Биздин элдин тагдыры жакшы жакка бурулушун камсыз кылабыз. Биз өлкөбүздүн жакшы келечеги тууралуу кыялданганбыз, биз ошого жетебиз”, – деп айтты ал.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп калды. Баштапкы маалыматтар боюнча Трамп шайлагычтардын 279 добушун, Хиллари Клинтон болсо 218 добушун алган.

Орусчадан которгон Бейшенбек Бекешев

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: