Menu

Света Тойгонбаева, төлгөчү, айтымчы: “Атамбаевге тескери маалымат берген жанындагы душмандар кетер күнүн да тездетип, мамлекетти кыйын кырдаалга кептешет”

Бөлүшүү:

Төлгөсү төп келген, саясый кырдаалдарды алдын ала айткан, Илмияновдун кызматтан кетерин, Нариман Түлеевден түрмөдөн чыгаарын, Ислам Каримовдун каза болоорун алдын-ала айткан Света айым менен баарлашып, айрым саясатчыларга төлгө ачтырып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

“Саясатчылар каршылашкан душманга айланат”

Бишкектеги тагырак айтканда, Ак үйдүн ичинде окулган кара дубаларды чечпесе, коалициянын урап кайра түзүлгөнү кеп болбой калат. Саясый кырдаал күч алып, саясатчылар каршылашкан душманга айланып, бир топко чейин бири-бирин каралагандан өйдө боло албай калат. Анткени, Акүйдө окулган кара дубанын терс таасири Кыргызстанда кырдаалдын кыйындашына шарт түзүп, саясатчылар арасындагы тирешти ого бетер курчутуп жатат. Акүйдөгү кара дубаны чечтиришпесе, бири-бирин жок кылуудан баш тартпай калышы мүмкүн. Башкача айтканда, бийликтегилердин арасында билинбеген менен тиреш күчөп, бир көзүң бир көзүнө жоо болгон жагдайга туш болушат. Бийлик толкуган элди токтото албай  калат. Мага түшкөн аяндар боюнча 2017-жыл оор жыл болуп, кырсыктар, оору-сыркоолор көп болоору тууралуу аян түшүп жатат.

“Атамбаевге душман алыстан эмес, жанынан чыгат”

– Атамбаев эң биринчи ден соолугун карашы керек. Бирок, ден соолугун экинчи планга коюп, көп убактысын “баштаган иштеримди аягына чыгарам. Мөөнөтүм бүткөнчө иштейм”- деген ойдо иш менен алек болуп,  көп мамлекеттер менен мамилени бышыктайм деп жатат. Атамбаевге душман алыстан эмес, жанынан чыгат. Ал ишеним арткан адамдар тескери маалымат бере берип, кырдаалды оорлотуп, Атамбаевдин кетер күнүн да тездетип, мамлекетти кыйын кырдаалга кептешет.

“Кыргызстан сак болушу керек”

– “Өзбекстан менен дос болдук” деп кубанбай деле турсак болот. Анткени, бул достошуунун артында Кыргызстан күтпөгөн “сюрприз” болот. Ошон үчүн Кыргызстан кандай кырдаал болбосун сак болушу керек. Кыргызстанда жардыруулар да болушу мүмкүн. Ошон үчүн башка иштерге салыштырмалуу мамлекеттин коопсуздугун карашы керек

“Албек Ибраимов элдин колдоосуна алынбайт”

– Албек Ибраимов “былыгым чыгып калды. Эми кантип иштейм”- деп ойлонгон деле жок. Башкача айтканда, креслосун бошотоюн деген ой капарында да жок. Мага жабылган жалаадан өзүмдү өзүм актап чыгам деп отурат. Элдин колдоосуна алынам деп аракет кылса да ишинен анчалык деле майнап чыкпайт. Анткени, жөндөмсүз.

Текебаевге кол салуу болушу мүмкүн”

– Өмүрбек Текебаевди колдогондор азайып, “жыйынтыгында жалгыз калат”- деген аян түшүп жатат. Текебаевдин жанындагылар башка жээкке өтүп, Текебаевди анча колдобой жатышат. Текебаев сак болуп, машинага түшпөй сактанышы керек. Болбосо аны тынчытып кетүүнү көздөгөндөрдүн тилегин орундатып, кол салууга туш болуп калышы  мүмкүн. Өзү да бир документке кыжаалат болуп жатат. Текебаев айылына барып кан чыгарып, саясатка аралашышына салым кошкон адамды ыраазы кылып, элинин батасын албаса, ойлогон оюу оңунан чыкпай калат.

“Келдибековдун камайбыз дегендер бар”

– Ахматбек Келдибеков өзүн-өзү актайм деп аракет кылып, өзүнө ишенип жатат. Эртерээк жолун ачтырбаса, муну дагы камайбыз, жазасын оорлотобуз деген тараптар да жанданып жатат. Камап коюшу дагы мүмкүн.

“Канат Исаев депутат эмес, бизнес кылса иши илгерилейт”

– Канат Исаевди чалынтып жыгылткысы келгендер көп экен. Бирок, мунун колдоочусу күчтүү. Ошон үчүн бийликтин бир бутагынан кетсе, экинчи эшик ачылып, бийлик сересинде отурат. Президент болом деген дымагы күч. Көшөгө артында сүйлөшүп жатканы  менен көп учурда берген убадасын аткарбайт деп ишенгендер аз. Бул жигит мамлекеттик кызматта иштегенден көрө бизнес кылса, иши илгерилеп, ити чөп жемек экен.

“Айтмамат каралоого туш болот”

– Айтмамат Кадырбаев өз креслосунда эле отурат. Бул кишиге  ийгилик жылмайганы турат. Зоболосу көтөрүлөт. Жакында кызмат алмаштырып, борборго келет. Бирок, кыжаалат болгон иштери көп. Бул киши жанындагы адамдардан сак болбосо, каралоого туш болот.

“Каныбек Иманалиевге көз тийген”

– Каныбек Иманалиевдин колдоочусу күчтүү экен. Көпчүлүк учурда жазуу иштери менен алек болот экен. Бул адамды ийгилик күтүп турат. Көз тийип, назар түшкөн экен. Манастын күмбөзүнө барып, зыярат кылышы керек экен.

“Карганбек Самаков   жаманатты болуп калышы мүмкүн”

– Эмнегедир бул адамга боштуктан кабар берген карталар түшүп, кара дуба бар экенин айтып жатышат. Ошондой эле башка иштен мурун ден соолугун карашы керек деген аян түшүп, сак болбосо акча менен байланышкан иште жаман атты болуп калышы мүмкүн экенин айтып жатышат.

“Иса Өмүркулов көтөрүлөт”

– Иса Өмүркулов аурасын таза сактап, жолун ачтырып турат. Бул кишинин жолу ачык. Кудай буюрса, кызматтык тепкичи мындан да жогорулашы мүмкүн. Анткени, мунун жолун тоскон, кыйынчылык жараткан нерселер жокко эсе.

“Шыкмаматов кысымга алынат”

– Алманбет Шыкмаматов азыр ачык сүйлөп, бийликтин катачылыгын айтып жатканы менен  катуу кетсе  кысымга туш болот. Жыйынтыгында, мурдагыдай ачык айта албай, катачылыгым чыгып калат деп бүлкүлдөп отуруп калат.

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: