2016-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун биринчи айлампасы башталып, ага 36 талапкерден 22си катышты. Конкурстук тандоонун биринчи айлампасына 2 талапкер келген жок, 12 талапкер конкурстук тандоого катышуудан баш тартышкан, ал эми 1 талапкер тандоонун биринчи айлампасынан кийин арыз жазып, өз талапкерлигин алып салган. Жыйынтыгында, 13 талапкер конкурстук тандоого катышуудан баш тартышты, экөө келген жок, 21 талапкер бүгүн 10-ноябрда өтүп жаткан конкурстук тандоонун экинчи айлампасына катышууда.
Конкурстук тандоонун биринчи айлампасынын жыйынтыктары менен КР Жогорку сотунун www.jogorku.sot.kg сайтынан таанышсаңыздар болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ