Menu

Кыргызстанда түнкүсүн спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Өлкөдө алкоголь ичимдиктерин 23.00дөн 8.00гө чейин сатууга тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу парламент депутаты Дастан Бекешев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дүкөн, супермаркет, күркөлөрдө спирт ичимдиктерин чекене сатууга тыюу салуу сунушталууда. Ошол эле маалда алкоголь ичимдиктерин көңүл ачуу жайларында колдонууга чектөө киргизилбейт.

Бекешев алкоголь маңзаттан дагы коркунучтуу деп эсептейт. Анын билдиришинче, маңзат колдонгондорго караганда спирт ичимдиктерин ичип мас болгондор жол кырсыктарына арбын кабылышат.

Мыйзамды аткарууну көзөмөлдөө жөнүндө сөз кылып жатып, Бекешев айылдыктар арак сатууга өздөрү тыюу салып баштаганын, көйгөй учурда шаарда бар экенин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: