Menu

Бакыт Төрөбаев: Бишкектин өнүгүүсүндө “күйүп кеткен лампочкалар теориясын” колдонуш керек

Бөлүшүү:

“Бишкектин өнүгүүсүндө күйүп кеткен лампочкалар теориясын колдонуу керек” деп эсептейт “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Бүгүнкү күн жөнүндө сөз кылып жатып (11-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк энергетиканы үнөмдөө күнү белгиленет) ал адатта бул күнү электроэнергияны үнөмдөөгө чакырган ар кандай иш-чаралар өтөөрүн белгиледи. “Бирок, менин оюмча, бул нерсени күн сайын жасап турса болот. Мунун бир жолу электр энергиясын үнөмдөөчү жарык бергичтер. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы бул тууралуу бир жыл мурун айтып баштаган. Бирок биз жөн эле шаардыктарды мындай жолго үндөп эле койбостон, көчөлөрдү  өзүбүз жарыктандырып баштаганбыз. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 200 миңден ашуун адам “Жарык шаар” долбооруна  кошулушту. Келечекте улам көбөйүп отурат”, – деп ишендирди Бакыт Төрөбаев.

Ал партия атайын максаттуу түрдө бул долбоордон баш тартпай, өнүктүрүп жаткандыгынын себебин, укмуштуудай жыйынтык берип жаткандыгы менен түшүндүрдү. “Жарыктын жоктугу эмне? Бул кылмыштуулук, мыйзам бузуу, кооптуу жагдай жана чыр-чатактар. Биз “күйүп кеткен лампочкалар теориясын” сынган терезелер теориясына” окшоштуруп алып чыктык: эгер сынган терезени алмаштырбаса (биздин учурда күйүп кеткен лампочканы), анда үйдүн бузулушуна, башкача айтканда, мамлекеттин бузулушуна кептелесиз”, – дейт Бакыт Төрөбаев.

Саясатчынын айтымында, жагымдуу шарттарды түзбөй туруп, биринчи кезекте эн жөнөкөй көчөлөрдү жарыктандыруу сыяктуу базалык элементти камсыз кылбай туруп, шаарды өнүктүрүү мүмкүн эмес. Жергиликтүү тургундардын арасында сурап-билүү жүргүзгөнүбүздө биз көчөлөр жарыктандырылган жерлерде кылмыштуулук азайганын, терс жүрүм-туруму менен белгилүү болгон кишилер сейрек кездешип, балдар мектептен кайтканда коркпой калышкандарын билдик. Башкача айтканда, жакшы жылыштар болду. Бул “Жарык Шаар” долбоорунун натыйжасында жетишилген жакшы өзгөрүүлөрдүн бир эле бөлүгү. Келечекте бул экономикалык өсүүгө да түрткү берет. Себеби, биз азыр өнүгүүгө жакшы негиз түзүп жатабыз, деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

“Мен кечээ Жогорку Кеңештин отурумунда көчөлөрдү жарыктандырууга насыя алган уят эле иш деген депутат-кесиптешим менен макулмун. Бул акчаларды 38 жыл төлөөгө туура келет. Башкача айтканда, ал биздин балдарыбыздын мойнуна түшкөн жүк болот. Биз бул көйгөйлөрдү чече алабыз, чечүүгө тийишпиз. Бул колдон келээр нерсе экенин биздин партия далилдеди”, – деп жыйынтыктады “Өнүгүү-Прогресстин” лидери. 

Маалымкат

«Жарык шаар» долбоору «Өнүгүү-Прогресс» партиясы тарабынан 2015-жылдан бери  Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай шаарларында жана бир катар ири айылдарда ишке ашырылууда.

LED-жарык бергичтерди орнотуунун шарттары эң жөнөкөй: үйдүн жашоочуларынын жарык орнотууга расмий кайрылуусу, жабдыктарды орното турган жердин жеткиликтүү болушу жана маалымат берүүчү трафарет тартылышы керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: