Menu

Кыргызстан ЕАЭБдин Бажы кодексине кол койду

Бөлүшүү:

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине кол койду. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынына катышып жаткан вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап айрым маселелер боюнча тактоону талап кылган. “Бул маселелер такталып, биздин сунуштар эске алынган соң Бажы кодексине президент кол койду”, – деп билдирди Олег Панкратов.

Буга чейин бир катар маалымат булактары Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянга шилтеме жасап, Кыргызстан Бажы кодексине кол койбой койгонун жазып чыгышкан.

Маалыматка караганда, калган 20га чукул документке кол коюлду. ЕАЭБдин Бажы кодекси уюмдун алкагында бирдиктүү бажы саясатына өтүүнүн негиздерин өзүнө камтыйт. Документ үч жыл ичинде иштелип бүткөн. Ал 2017-жылдын 1-июлунан тартf ишке кирери болжолдонууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: