Өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш карап жатканда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин ушакчы экени ачыкка чыкты. Экономикага жооп бере турган адам депутаттар жөнүндө былгытма сөздөрдү айтып жүргөнүн Өмүрбек Бабанов ачыктады.
“Мен сөздөрдү угуп жатам, олтурган жерлерде депутаттар жөнүндө сөз кылат экен деп. Депутаттарды сындап, ушак сөз айткыча экономика менен иштесеңиз туура болмок. Сиз биринчи вице-премьер-министрликке татыктуу эмессиз. Экономикага бир эле премьер-министр жооп бербейт. Сиз жооп бересиз. Депутаттар тууралуу ушактарды айткандын ордуна экономиканы өнүктүрүү керек. Депутаттар тууралуу ушак айтканды токтотуңуз” деп Өкмөт башчынын биринчи орун басарын жаман оңтойсуз абалга калтырды. Кылыгы менен былыгын чукуп чыккандарды ушакчы деп баса калышчу эле. Көрсө чыныгы ушакчылар жогор жакта турбайбы. Уят эле болду таң гөрү.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ