Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Бишкексүт» ААКнын продукция чыгаруучу жаңы линиясын ишке киргизүү салтанатына катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, «Бишкексүт» ААКга барып, ишкананын продукция чыгаруучу жаңы линиясын ишке киргизүү салтанатына катышты.

Өкмөт башчы Советтер Союзу жоюлгандан кийин 90-жылдары көптөгөн ишканалар бир катар көйгөйлөргө учурап, көпчүлүгү ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болушкандыгын, бирок «Бишкексүт» оор абалдын чыгып, ишин улантып кете алгандыгын белгиледи.

«Мен ишкананын жаңы продукция чыгаруу иш чарасына катышып жатканыма кубанычтамын. Жаңы азыктарды көбөйтүү ишине киришүү, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, продукциянын түрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Кубанычтуусу «Бишкексүт» жергиликтүү чийки затты гана колдонуп, сүт азыктарын атамекендик рынокко гана эмес экспортко да чыгарат. Ишкана бир нече жылдан бери айыл чарбасынын өнүгүшүнө зор салым кошуп, жергиликтүү сүт ташуучулар менен ишенимдүү өнөктөш болуп иштеп келе жатат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, “Бишкексүт” ишканасы ири салык төлөөчүлөрдүн бири, жылына болжол менен 20 миң тонна сүттү экспортко жөнөтөт. Бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот. Аны менен бирге жергиликтүү калкты туруктуу жумуш орундары менен камсыз кылат.

Сооронбай Жээнбеков «Пепсико» компаниясына атаандаштыкка туруштук бере турган «Бишкексүт» ААКга инвестиция салгандыгы жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр өндүрүштүн ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда «Бишкексүт» ААКдагы жаңы продукцияны, быштак чыгаруу боюнча жаңы линиянын ачылышына катышты.

Ишкананын башкы директору Маргарита Румянцева чыгарылган сүт азыктары тууралуу толук маалымат берди.

Иш чарага катышкан «Пепсико» компаниясынын Россия жана Чыгыш Европадагы корпоративдик кызматташуу боюнча вице-президенти Сергей Глушков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө компаниянын жетишкендиктерин тааныгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: