Өзбекстан БШКсы бир адам үй-бүлөнүн бардык мүчөсү үчүн добуш берген учурлардын алдын алат. Бул тууралуу БШК төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов билдирди.
«Президенттик шайлоодо «үй-бүлөлүк» добуш берүүнүн алдын алуу үчүн адамдар көп чогулган бардык жерлерге миңдеген үгүт кагаздары илинет», – деди Абдусаломов.
БШКнын маалыматы боюнча, быйылкы шайлоо үчүн алгачкы жолу шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча программа кабыл алынган. Анын алкагында коомдук уюмдар жана фонддор тарабынан мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта «Мен өзүм добуш берем», «Биздин үй-бүлөдө ар ким өз добушуна ээ», «Менин добушум — өлкөмдүн келечеги», «Биз добуш берүү укугуна ээбиз» жана «Өзүңдү шайлоочулар тизмесинен тап» өңдүү акциялар өткөрүлүүдө.
Андан сырткары түшүндүрүү иштери тегерек үстөлдөрдө, семинарларда, жолугушууларда жана жыйындарда маектешүү формасында да өткөрүлүүдө.
Өзбекстанда расмий иш алып барган төрт партиянын баары тең 28-октябрда шайлоого катыша турган талапкерлерин каттоодон өткөрүшкөн. Президентти шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, өлкөдө үгүт иштери БШКда каттоодон өткөн күнү башталып, 2-декабрда аяктайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ