Menu

«Фронт аль-Нусранын» лидерлери санкцияга илинди

Бөлүшүү:

АКШнын Казына департаменти 10-ноябрда “Аль-Каида” уюмунун Сириядагы бутагы “Фронт ал-Нусранын” төрт лидерине карата санкция киргизди.

Бул топ Кошмо Штаттар менен Орусия ортосундагы оозеки айтыштын борборуна алынган. Жоочулар Сириядагы козголоңчуларды колдошу мүмкүн болгондуктан, Вашингтон аларга тийишпейт деген пикир калыптанып калган.

Бирок АКШнын Казына департаментинин бул чечими Кошмо Штаттар мурдагыдай эле “Нусраны” террордук уюм катары эсептей турганын көрсөттү. Санкциялар топтун согуштук жигердүүлүгүн жана кишилерди азгыруу мүмкүнчүлүктөрүн алдын алууга багытталган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти “Нусранын” башкача аталышы “Жабхат Фатах аль-Шам” тобун дагы террордук уюм катары “кара тизмеге” кошту.

Санкцияга илинген “Нусранын” төрт лидеринин бири Абдаллах Мухаммад бин-Сулайман аль-Мухайсини топко жоочуларды азгырган. Жамал Хусейн Зайния — Сирия жана Ливандагы операциялар үчүн жооптуу. Абдул Жашари — аскер кеңешчи, “Нусра” аскерлеринин үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам чогултууга катышкан адам. Ашраф Ахмад Фари аль-Аллак болсо топтун кол башчысы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: