Menu

Жарга такалган “жан сакчы”

Бөлүшүү:

Ички иштер министри кызматына талапкер, президент Атамбаевдин мурдагы жан сакчыларынын бири катары айтылып жаткан Улан Исраилов парламентте депутаттардын суроолоруна жооп бере албай какап-чакап, кыйла жүдөдү. Ага берилген суроолорго депутаттар кайра өздөрү жооп берип коюп жатышты.

Акыры “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чыдабай кетип “сизди мени камайсың деген тапшырма менен жиберип жатат” деп балп этти. Андан ары бул министрди колунан жетелеп иштетесизби деген суроого Сооронбай Жээнбеков Улан Исраилов кооз сүйлөй албаганы менен таза иштейт деп алакан жайды жана суроолорго жооп бере албай жатышын парламентке алгач келгендиктен сүрдөп жатканы менен байланыштырды: “Исраиловду көп жылдан бери билем. Оратор эмес, бирок таза иштейт. Бизде таза иштеген кадр табуу кыйын. Тажрыйбалууларды алып келсек, ууру болуп жатат. Исраилов буга чейин да ИИМде иштеген. Биринчи кезекте ИИМдеги булганган милицияларды тазалоо керек», — деди Жээнбеков.

Жаңы министр эми канчалык таза иштээрин көрө жатарбыз. ИИМди чын эле президент айткан “крысалардан” тазалай алабы-жокпу, убакыт көрсөтөт.

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: