Menu

Төө-Ашууда 6 адамдын өмүрүн сактап калган жигиттер

Бөлүшүү:

4-ноябрда Төө-Ашуудагы туннелде унаалар кагышып, төрт адам каза болгон кырсык баарыбыздын жүрөгүбүздү ооруткан. Ал жерде он төрт киши жараат алган. Коомчулук ажалга кайгырып жатып, ашууда эрдик көрсөткөн эки жигиттин эмгегин баалабай калды. 21 жаштагы Эльдияр Токтошев жана Манас Мамбеталиев кырсык учурунда алты адамдын өмүрүн сактап калышкан. Биз жигиттерди таап, сөзгө тарттык.

Кырсык болгон күндү баштан-аяк айтып берсеңер?

Манас Мамбеталиев (М. Б): —Эльдияр биринчи жолу Ошко бара жаткан. Мен жол бою ага айлананы көрсөтүп, аркы-беркини айтып берип бараткам. Төө-Ашууда туннелге барганыбызда токтоп, кар менен согушуп ойногонбуз. Ал жерде дос балабыздын телефону түшүп калыптыр. Туннелден чыга бергенде телефонун алуу үчүн кайра артка жөнөдүк. Киргенибизде унаа тыгыны пайда болгонун көрдүк.

Эльдияр Токтошев (Э. Т): —Мен биринчи жолу туннелден өтүп жаткандыгым үчүн сүрөткө түшөйүн деп чыккам. Ары жактан аялдын жардам сураган кыйкырыгын угуп калдым. Экөөбүз чуркап жөнөдүк. Барсак 4 унаа кырсыкка учураптыр. Жүк ташуучу унаа «Хонданы» кысып калыптыр.

М. Б: Биз башында жүк ташуучу унаанын туннелде ашып кетсе 40 чакырым саатта жүрүүгө уруксат берилгенине карабай, абдан катуу ылдамдыкта өтүп кеткенин көргөнбүз. Ошол унаа 4 адам каза болгон БМВны бир нече метр сүйрөп барып, калган эки унааны да сүзүптүр. Мен БМВ жакка, Элдияр «Хондага» жөнөдү.

Э. Т: «Хонданын» ичине кирсем, аял киши колуман кармап калды. Отургучтар буту-колдорун кысып калыптыр. Астыда эки адам, арт жагында 4 адам бүктөлүп жатканын көрдүм. Андай учурда күчтүү боло түштүмбү, айтор отургучту көтөрүп, аялды экөөбүз чыгарып кеттик. Экинчи аялдын боюнда бар экен. Анын да эки буту кысылып калыптыр. Отургучту көтөрүүгө күчүм жетпей, экөөлөп темир тыгып көтөрүп, ал аялды да чыгардык.

Манас Мамбеталиев:  “Алдыңкы айнекти сындырып, эки адамды чыгардык. Ошол убакта машина түтөй баштаган болчу”

М. Б: Алдыңкы айнекти сындырып, эки адамды чыгардык. Ошол убакта машина түтөй баштаган болчу. Унаанын ичи газ жыттанып, дем алуу кыйын болуп калган.

Э. Т: Унаанын ичи канга толуп кеткен экен. Үчүнчү аялды да отургучтарды темир менен көтөрүп жатып бошоттук. Акыркы кишини алып чыгуу аябай оор болду. Себеби эки жактан катуу кысылып, буттары жанчылып калыптыр. Тросс менен унааны тарталы десек, чогулуп калган элдин да күчү жетпей койду. Тиги адамды көрүп аябай боорум ооруду, “ошол бойдон чыгара албай каламбы?” деп ыйлап ийдим. Унаанын ичи да түтүнгө толуп кеткендиктен, шайым кетип отуруп калдым. Ошол маалда сырттан бир байке келип: «Иним ушунча адамды куткардың, муну да куткара аласың. Шашпай ойлон»,- деди. Ошондо отургучту бычак менен кессе болоорун эстеп, ортосун кесе баштадым. Кесилген жерден отургучтун темири көрүндү. Ага тросс байлап тарта баштадык. Бирок 20дай адамдын алы жетпей койду. Анан досума аларды шыктандыра турган бир нерсе айт дедим.

М. Б: Мен тартып жаткандарга карай: «Кыргыз элим, барсыңбы?»- деп кыйкырып баштадым. Ошондо чындап эле адамдарга күч кирип тартып кетишти. Ошентип ал кишинин бутун бошоттук.

Э. Т: Ал байке мени кучактап өөп, ыйлап жатты. Байкени сооротуп сыртка алып чыктык. Өзүм унаанын ичинде жалгыз отуруп калдым. Карасам кийимим кан экен. Истен улам эсим ооп калды. Досум мени сууруп чыккандан кийин эки-үч жолу катуу кыйкырып жибердим. Ошондо колу-бутум кадимкидей бошой түшкөнүн сездим. Андан кийинкиси эсимде жок.

М. Б: Эльдиярды туннелден сыртка чыгардык. Ошол маалда бул кан кусуп жиберди. Бирөөлөр келип ууланып калды деп арак ичиришти. Унаада бара жатканда Эльдияр дале өзүнө келе элек болчу. Бир нерсени шыбырап бара жатыптыр. Тыңшасам  «баарыбыз акчанын, байлыктын артынан кууйбуз. Бирок  эки мүнөт тагдырыбызды чечип коёт экен» деп сүйлөгөнүн уктум.

Ошончо убакыт унаадан чыккан ис менен дем алдыңар да. Азыр ден соолугуңар жакшы элеби?

Э. Т: Туннелдин ичинде эки сааттай жүрүппүз. Бирок бизге 15-20 мүнөттөй эле сезилген. Ооруканага барсак, ууланып калыпсыңар дешти. Азыр улам-улам жөтөлгөнүм эле болбосо, абалым жакшы эле. Анан туннелдин ичинде шамал жүрүп, суук да тийип калыптыр.

 Ошол жаракат алган адамдарды, унаадан чыккан исти көргөндө корккон жоксуңарбы?

Э. Т: Андай учурда ойлонбой, эч нерсени сезбей калат экенсиң. Колдорубуздун тытылып кеткенин кийин байкадык. Ошончо кан, сынган дене мүчөлөрдү көрдүм. Бирок ал убакта ага көңүл бурбай, эптеп адамдарды куткарып калалы деп ойлоп жаттык. Азыр эстесем, отургучка колумду койгондо жумшак боло түшкөн. Карасам канжалаган эт экен. Бирок кайра колумду кийимиме аарчып алып ишти уланта бердим.

Баары бүткөндөн кийин кандай сезимдер болду?

Э. Т: Андан кийин Ошко жеткичекти болгон окуяларды эстеп уктай албадык. Тойго бара жатканбыз, бирок катуу таасирленип калыппыз, эч тамак өтпөй башкача сезимдер болуп жатты. Кийин жаңылыктардан «Хондадагы» алты адамдын аман экендигин укканда бир аз болсо да сыймыктанып калдык.

Азат Бектурганов

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: