Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада каза болгон төрт адамдын жакындарына Сүлүктү шаарынын мэри Рахман Абдыназаров барып, көңүл айтып, материалдык жардамдарды көрсөттү. Бул тууралуу журналисттерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маркумдардын жакындарынын айтымы боюнча, каза болгон 4 адам жоголуп кеткен малын издеп, үйдөн 22-июнда чыгып кеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алар малын издеп шахтага түшүп, ал жактан газдан ууланып каза болушкан.
Бул факты боюнча тергөө иштери башталды.
Буга чейин “Кенчилер-Береке” ЖЧК көмүр шахтасы мыйзамдуу түрдө иштеп келген. Азыркы учурда компания ишмердүүлүгүн токтотту.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов берген буйругунун негизинде атайын комиссия түзүлдү, анда кендеги коопсуздук чараларын сактабоо маселеси каралат. Жакынкы күндөрү маркумдун үй-бүлөсү облустук бийликтен жардам алат деп убада берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ