Menu

Бакыт Төрөбаев: Көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар Бишкектеги тыгындарды азайтат

Бөлүшүү:

«Бишкектеги тыгындар маселесин чечүү жолу – бул көп кабаттуу унаа жайларын куруу”, – деп эсептейт “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Автоунаа тыгындары дүйнөдөгү көп шаарлардын эң көйгөйлүү маселеси болуп келет. Чет мамлекеттерде унаа кыймылын заманбап көзөмөлдөө каражаттарына эбегейсиз каражат бөлүшөт. Римде миллиондогон шаар тургундары жолдордогу абал тууралуу уюлдук телефондоруна маалымат алып турушат. Лондондо жеке унаасы бар адам борбордук райондорго чыгуу үчүн атайын акча төлөйт. Германияда эмгек графигин бөлүштүрүп коюшкан: көптөгөн мекемелерде жумуш күнү 5те башталып түшкө жуук бүтүп калат. Мунун эсебинен тыгындар азаят. Бишкек мэриясы болсо бул көйгөйдү жылына миллиондогон долларларды, жумшап жаңы жолдорду салуу менен чечүүгө бел байлаган.

Бакыт Төрөбаевдин пикиринде, бул көрсөткүч мэрияда жетиштүү каражат бар экенин көрсөтүп турат, бирок ал тыгындарды жоюуга жардам бербейт.

Мунун ордуна “Өнүгүү-Прогресс” партиясы өзүнүн чечимин сунуш кылат: металлдан көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу.

Адистештирилген сайттардын маалыматтарына ылайык, мындай металл унаа токтотмолорду куруу үчүн кымбат баадагы жер иштерин жүргүзүп, фундамент куюнун кереги жок. Мындай унаа токтотмонун дагы бир жетишкендиги – анын курулушунун тездиги, курууга керектелүүчү техниканын аз болушу.

Мындай имараттарды бир нече айда куруп, убакытты да, акчаны да үнөмдөсө болот. Металлконструкцияларынан унаа токтотмолорду куруу негизги экономикалык маселелерди чечет: курулушка аз көлөмдөгү инвестициялык каражат колдонулат жана бат эле өзүн-өзү актайт.

Мындай арзан жана тез курула турган конструкция Бишкектеги жашоонун ыңгайлуулугун арттырат, деп белгилейт Бакыт Төрөбаев.

Бишкектин жолдоруна бөлүнгөн кытайлык гранттын 1 млн 700 миң долларына 1 км жол курулат, ал эми 500 унаага ылайыкталган металл унаа токтотмо үчүн 1 млн 500 миң доллар коротулат.

«Көп кабаттуу унаа токтотмолор бул кинодон көргөн фантастика эмес. Биздин коңшубуз Орусия андай унаа токтотмолорду Москва, Санкт-Петербург өңдүү мегаполистерде эле эмес, кичирээк шаарларында да көп колдонуп келет. Кыргызстан да бул трендди ишке ашыруусу керек”, – дейт Бакыт Төрөбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: