Menu

Жалал-Абад шаарынын аймагында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 24-29-октябрь күндөрү Жалал-Абад ШИИБне 7 адам арыз менен кайрылып, ар түрдүү суммадагы буюмдарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин айтышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн. Алардын бири үйдө эч ким жок учурда 60000 сомдук алтын буюмдарын жана 5000 сомдук кол телефонун уурдап кетишип, жалпысынан 65000 сомдук материалдык зыян келтиришкендигин билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы жабырлануучулардын арыздарынын негизинде топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө уурулуктун натыйжасында жабырлануучуларга жалпы суммасы 170 000 сомдук материалдык чыгым келтирилгендиги такталган.

Аталган уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБнин жана Жалал-Абад ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1983-ж.т. тургуну Н.А. жана анын кылмыштуу шериги Жалал-Абад шаарынын тургуну 1991-ж.т. И.Х. кармалышып, көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы боюнча көрсөтмө беришкен. Тергөө кызматы тарабынан шектүү катарында кабарлама берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: