Menu

Бакыт Төрөбаев: «Жарык шаар» долбоору Бишкектин бийлиги үчүн катализатор болуп калды

Бөлүшүү:

Борбор калаанын сырткы жарыктандыруусуна 2016-жылы 2015-жылга караганда эки эсе көп акча каражаты бөлүнгөн. «Бишкексветтин» маалыматы боюнча, өткөн жылы бул 64 млн сом болсо, 2016-жылы 102 млн сомго көбөйгөн. Кийин кошумча дагы 32 млн сом республикалык жана 52 млн сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

«Бул бийликтин чоң шаардын жарыктандыруусу канчалык маанилүү көйгөй экенин түшүнгөнүнөн кабар берет. Бул абдан жакшы, анткени биздин партия 2015-жылы баштаган «Жарык шаар» долбоорунун башкы максатынын бири – бул Бишкектин бийлигине алардын милдети тууралуу эскертип коюу», – деп белгиледи «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев.

2016-жылы муниципалитет 2000 жарыктандыруу точкасын орноткон, дагы 4 миңи ноябрдын экинчи жарымында коюлушу күтүлүүдө. «Биз өз эсебибизден LED-прожекторлорду Бишкекте гана эмес, өлкөнүн башка шаарларында да орноткон жалгыз партиябыз. Биздин долбоор борбор калааны жарыктандыруу маселесине жана бул беренелерди каржылоону көбөйтүү боюнча бийликке олуттуу мамиле жасоого түрткү бергени маанилүү», – деди Бакыт Төрөбаев.

Маалымдама

«Жарык шаар» долбоору «Өнүгүү-Прогресс» партиясы тарабынан 2015-жылдан бери  Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай шаарларында жана бир катар ири айылдарда ишке ашырылууда.

LED-жарык бергичтерди орнотуунун шарттары эң жөнөкөй: үйдүн жашоочуларынын жарык орнотууга расмий кайрылуусу, жабдыктарды орното турган жердин жеткиликтүү болушу жана маалымат берүүчү трафарет тартылышы керек.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: