Бүгүн 15-ноябрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилиги астында райондук башкы имам-хатибдерге жыйын болуп өттү. Жыйында алгач казыятта жаңы дайындалган кадрлар тааныштырылып, алардын функционалдык милдеттери айтылды. Андан соң облустун 7 районунун баш имам хатибдери тарабынан элге динди жайылтуу жана диний кырдаалдагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткаруу жана мечиттерди каттоодон өткөрүү маселелери боюнча маалымат берилип, жетишкендиктер менен кемчиликтер белгиленди. Мындан сырткары диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциянын алкагында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып баруу, ысырапкерчиликтен сактануу боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле райондордун башкы имам хатипчиликтеринин уставдарын юстициядан каттоо, мечиттердин каттоосун тездетүү жана башкы имам-хатибдерге атайын форма тиктирүү боюнча иш-чаралар бекитилди. Соңунда райондук башкы имам-хатибдердин бир жылдык отчетторун 25-ноябрга карата даярдоо боюнча тапшырма берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ