Menu

Кыргыз жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат

Бөлүшүү:

Жогорку Кенештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Орусия мигранттарына ыӊгайлуу шарт түзүүгө багытталган «Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган КР менен РФ ортосундагы КР жарандарынын РФ аймагында жана РФ жарандарынын КР аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды.

Келишимдин шарттарына ылайык, мигранттар эки өлкө аймагында 30 күнгө чейин катоосуз жүрө алат. Азыр кыргыз жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү – 7 күн, келишим ратификацияланып калса, ал 30 күнгө чейин узартылат. Тескерсинче, орус жарандарынын Кыргызстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылууда.

Мамкаттоо кызматы бул келишимге бир жыл мурда кол коюлганын, ал ушу тапта иштеп жатканын билдирген. Кыргызстанда мыйзам бузган адамдарга 10 миӊ сомго, 8 миӊ рублге чейин айып салынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: