Menu

Таалайбек Сариев: Бишкектин коомдук унаалары – шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн

Бөлүшүү:

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Таалайбек Сариев Бишкек шаарынын коомдук унаалары чиновниктер менен транспорт компанияларынын пайдасына эмес, шаардыктардын ыңгайына, шартына жараша иштеши керек экендигин баса белгиледи.

Т.Сариевдин айтуусу боюнча, шаардагы коомдук унаалардын негизги көйгөйү жүргүнчүлөрдү ташуучулар мэрияда отурган же алар менен байланышы бар чакан топтордун кызыкчылыгында иштеп жаткандыгында.

“Мындай коррупциялык чынжырда капилет адамдардын болушу мүмкүн эмес, калктуу аймактардагы эң кирешелүү маршруттарга тиешелүү компаниялар гана ээлик кылышат. Ушундай пайдалуу маршруттарда муниципалдык унаалар дээрлик жүрбөйт, ал жолдордо атаандаш жеке  компаниялар гана иш алып барышууда”, – деди Т. Сариев.  

 Т.Сариевдин белгилөөсүндө, мындай система, жеке менчик багыттагы атаандаш компаниялардын унаалары шаар жүргүнчүлөрүнүн маселелерин чече албайт. Алардын  бирин-бири кубалап, аялдамаларга биринчи келүү, көбүрөөк жүргүнчү салуу аракеттери коомдук унаалардын катышуусундагы  автокырсыктарга алып келүүдө.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы шаардык кеңеште муниципалдык автобустардын санынын көбөйүшүнө, шаар жүргүнчүлөрүнүн маселелерин чечүүгө аракет кылат.

«Мэриянын аныктоолору боюнча, Бишкек шаарындагы 2700 кичи автобустарды алмаштыруу үчүн 800 автобус керектелет. Бул нерсе жол тыгындарды азайтууга да салым кошмок. Ошондой эле, шаардыктар өз убактысын үнөмдөшү жана ыңгайлаштырышы үчүн коомдук унаалар ирээти менен атайын күн тартиби менен иштеши зарыл. Эгер жүргүнчү бир нече минутадан соң, башка унаа келе турганын так билсе, тыгылышкан унаага түшөөрүн же түшпөсүн өзү чечмек”, – деп белгиледи “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкери Таалайбек Сариев.  

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: