Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Таалайбек Сариевдин ою боюнча, көп этаждуу үйлөрдү курууда унаа токтоотуучу жайынын милдеттүү түрдө болушу талапка ылайык. Талапкердин айтуусунда, Бишкекте иш алып барган курулуш компаниялары 10 сотых жер аянтына көп этаждуу, “элиталык” макамга ээ үйлөрдү курууну башташат, мындай чакан аянтка унаа токтотуучу жайдын болушу мүмкүн эместигин башынан эле билишкени менен, бул маселе аларды анчалык деле тынчсыздандырбайт.
Андай жаңы үйлөрдүн жашоочулары унаа токтоотуучу жайынын жоктугуна байланыштуу унааларын жол жээктерине, тротуарларга, спорт жана балдар аянтчаларына токтотууга муктаж. Элиталык үйлөрдүн жашоочуларынын ар биринде бир нечеден автоунаасы бардыгы эске алганда, бул нерсе глобалдуу маселеге айланууда.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Бишкек шаардык кеңешинде курулуш компанияларын унаа токтотуучу жайлардын жалпы жашоочулардын санынын 40% катышына карата пландоосун милдеттендирүү маселесин көтөрмөкчү. Тактап айтканда, ар бир 100 жашоочуга 40 унаа токтотуучу жайдын болушу зарыл.
Мындан тышкары, Т.Сариевдин сөзү боюнча курулуш нормаларын жана стандарттарын шаардыктардын ыңгайына жана борбордун өнүгүшүнө карата жаңыланышы абзел. Учурда, Бишкектеги автоунаалардын санынын өсүү процессинде квартира (батир) сатып алууда унаа токтотуучу жайдын болушу негизги талап болууда.
“Жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар бакубаттуулуктун белгиси катары каралууда. Андай жайлартын баасы дагы кымбат турат, бирок, унаа токтотуучу жайдын баасы ар бир турак жайдын баасынын ичинде болушу, турак жайды сатып алган кардар унаа токтотуучу жайым кайда болот деп ойлонбошу мыйзамга ылайык. Болбосо, азыркыдай абал Бишкектеги жашоо ыйгайынын, сапатынын төмөндөөсүнө алып келет” – деп белгилейт Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Таалайбек Сариев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ