Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро Алматыдагы Radiotochka.kz сайтынын жана Central Asia Monitor гезитинин кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Окуя басылманын башкы редактору жана ресурстун негиздөөчүсү Бигелди Габдуллин кармалгандан кийин болду.
Radiotochka.kz редакциясынын маалыматы боюнча, тинтүү басылманын адвокаты жок кезде жүрүзүлгөн. Жактоочу кеңсеге кеч келип, каршылык көрсөткөн. Себеби ордер тергөө иштерине катышпаган тергөөчүнүн атына жазылган.
Маалымдалгандай тинтүү эртең менен башталып, ортодо бир аз убакытка токтоп, кайра жанданган. Жыйынтыгында редакциядан эки ноутбук алып кетишкен.
15-ноябрда Астанада Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору жана Radiotochka.kz сайтынын негиздөөчүсү Бигелди Габдуллин пара талап кылууга шектелип кармалган. Коррупцияга каршы күрөшүү бюросунун версиясы боюнча 61 жаштагы Габдуллин өз көзөмөлүндөгү ММКларга мамлекеттик органдардын жетекчилери жөнүндө терс материалдарды чыгарып, аларга карата маалыматтык чабуул жүргүзгөн. Андан соң сын макалаларды жарыялоону токтотуу үчүн аткаминерлерди опузалап, жеке медиаресурстары үчүн алардан мамлекеттик буйрутмаларды талап кылып келген.
Журналисттин баш коргоо чарасы аныктала элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ