Menu

Сабыр МУКАНБЕТОВ, Темир Сариевдин серепчиси: “Атамбаев акаев-бакиевдик бийликтерди сындап, бирок кечээки Максимдин шакирти Сапар Исаковду “жаңы элита” кылып, биринчи вице-премьер-министр кылууга аракеттенүүдө”

Бөлүшүү:

Көз карандысыздыкка ээ болгон ХХ кылымдын 90-жылдарында түптөлүп, ошондон берки жылдардын дээрлик көпчүлүк убагын бир жээкте өткөзүшүп, демократиялык маданияттын түптөлүшүнө опол тоодой эмгек сиңиришип, авторитардык режимдер менен бирге күрөшүп, жеңип, бийликке бирге келген революциячыл демократтардын көбү бийликтен четтеп, бийлик башында Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев экөө гана калышты. Эми бул экөө да бүгүн батышпай, бири-бирин жеп-жутууга даяр душмандарга айланышып, күн алыс бири-бирин каралаган компроматтарды жарыялашууда.

Апрель элдик революциясынын шаңы менен бийлик башына бирге келген соратниктерди бир четинен бийликтен четтетүү процесси Алмазбек Атамбаев президенттике шайланып, тактыга көчүгү бекемделгенден кийин күч алып, ар кандай себептер келтирилгени менен негизинен президенттин жеке каалоосу жасалганы, көпчүлүк учурда Өмүрбек Текебаевдин колдоосу, айрым учурларда шыкагы аркылуу ишке ашырылып келгени жашыруун эмес. Эми мына, эски соратниктердин баарын жайлап, бийлиги бекемделген “Кабылан” (А.Атамбаевди “Форумда” жүргөндө ушундай атачу элек), айбаты жанганда, акыркы калган бирөөнү, “Текени” жегени туру.

“Теке” да оңой жоо эмес экен, кабыштыра-кабыштыра сүзүп, эсин оодарып жатат. “Дастан” корпорациясынын коррупциялык жол менен Максимге ыйгарылган жери апрель революциясынан кийин ошол эле схема менен Алмазбек Атамбаевге өтүп, там салынганын өкүнүү иретинде болсо да Бишкек мэри Албек Ибраимов менен Тайырбек Сарпашев тастыктап салды. Ага каршы контрмера катарында алынып чыккан Текебаевдин мүлктөр тууралуу маалымат күтүлгөндөй натыйжа берген жок. “Текенин” экскурсиясы төгүндөп таштады. Буга чейинки өз ара коюлган  көптөгөн айыптар боюнча “Кабыландын” айткандары тастыкталбай, оппоненти бир нөл эсебинде утушта баратат эле.

Акыры буга чейин жолу болбой, ичи күйгөн “Кабылан” тараптагылар колдо бар ресурстарды колдонуп, дагы бир “көзүр” компроматты алып чыгышты. Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын президентке кабарлап, башкы прокуратура текшерүүдө. Ал документтер 2012-жылы апрелде «Альфа Телеком» ишканасынын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек 50 пайыздан ашык акцияларын сатуудан түшкөн 50 млн. доллардан ашык суммасын божомолдор боюнча Максим Бакиевге таандык «Саутфилд» компаниясынын алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр КР Жогорку Кеӊешинин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөйт.

Б.а. 2012-жылы “Саутфилд” компаниясынын кожоюндары трасттык декларация кабыл алып, белгилүү үч кыргыз саясатчысына компаниянын 7,7,8 пайыздык үлүшүн берерин билдирген, үлүшкө ээлик кылуучу негизги шарт катары аталган саясатчылар “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган бөлүгүн сатуудан түшкөн каражатты “Саутфилд” компаниясына түшүшүн камсыздоо болгону айтылат. Бир сөз менен айтканда, “Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдор Бакиевдер менен байланышып, алардын мүлкүн кайтарып берүүгө көмөктөшүү аркылуу кылмыштуу жол менен байлыкка ээ болууну көздөгөн” деген айып коюлууда.

Маалымат согушунда кыйла тажырыйбасы бар Өмүрбек Текебаев адатынча баарын жокко чыгарып, “жалган, подделка, матрешка гейт-2” деп ынанымдуу кыйкырып, бир топ упай алып жатат.

Бирок, “Альфа Телеком” толугу менен улутташтырылганына карабай, мындай кылмыштуу план түзүлгөнү, ага үч депутаттын тиешеси бар экени такталса, ал пландын ишке ашпай калганына карабастан “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын аброюна орду толгус сокку урулуп, эсеп теңелип, 1:1 болору шексиз. “Оюңар ишке ашпаганы менен жеке кызыкчылыгыңар үчүн кылмыштуу бийлик менен кызматташууга барыпсыңар да… “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дегени эле өтө оор айып эмеспи?

Ошентип булар “кой-ай” дегенди угушчудай эмес. Эл экөөнүн кылыгын жактырган жери жок. Калктын камын жегенди мындай таштап, бийлик, байлык үчүн өлүп-тирилишип, бири бийликтен кеткиси келбей истерика болуп, экинчиси бийлик-байлык үчүн жанталашып жатканы билинип калды. Экөөнүн “тебишкенин” көрүп, жийиркенип, “бири өлүп, бири калсын” деген кепти экинин бири айта баштады.

“Президент эскилердин баарын өзүм менен кошо ала кетем, жаштарды алып келем” дегенин, өзүнө теңата болгон эски демократтарды бийликтен кетирүү аракетин жаңылануу, жаштарга орун берүү катары түшүндүрүп, кеңешчилери жаңы элита тизмектеп жибергени да бар. Коомчулук жаңы элита түзүү идеясын мыскыл аралаш, ишенбөөчүлүк менен кабылдап, сырын билген, теңата соратниктерден кутулуу, бийлигин бекемдөө амалы катары баасын берип, анын өтө кекчил адам экендигин баса белгилеп келишкен. Натыйжада, эл айткандай эле бошогон орундар жаңы элита менен толукталбай эле жаштайынан алчы-таасын жеген мурунку бийликтин “шохаларына” толтуруп алды. Бирдеме десең, “ой, булар солдат, буйрукту аткарышат” дешет. Куйругу ээрден кыйшайса сатып, кийинки “багы жангандын” көчүгүн жалап кеткенге маш экендерин кандайча эске алышпайт? Таңгаласың.

Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө, тынымсыз акаевдик, бакиевдик бийликтерди сындап, сыртынан соттотуп, экинчи Кыргызстанга келгис кылуу аракеттерин көрүп келет. Жогорку Кеңештеги айрым фракцияларды бакиевчилердин колдоочулары катары сынга алганда да, алар бийликке келсе, мурунку куулгандарга кечирим берип, өлкөгө кайтып келүүсүнө шарт түзөрүнө күмөндөнгөнсүп сүйлөйт. Анткени, авторитардык режимди кулатууда төгүлгөн кан, андан кийинки жасалган иштердин баары жокко чыгарылып, эскилер кайтып келишин каалабайт. Анын мындай аракетин көпчүлүк ошон үчүн колдоп турат да, бу жагынан жаңылышпайбыз.

Ошол эле учурда президенттин оң колу менен жасаганын сол колу билбей жатышы, элдик революциянын жетишкендиктерин артка кайтпашы үчүн бекем тура турган тилектештерин куугунтуктап, колуна бийлик тийсе, керек болсо бакиевчилерди кайра кайырып келе тургандарга бийликти кармата берчүдөй болуп жатканы түшүнүксүз. Кечээ эле жаңы коалиция куруп, өкмөттү бекитүүдө кечээки Максимдин шакирти, бүгүн ишенимге кирип, “жаңы элита” боло калган Сапар Исаковду биринчи вице-премьер-министр кылуу аракеттери буга далил.

Жума сайын улам бири жаңы компроматты алып чыгышып, бири-бирин көөлөмөй токточудай эмес. Эл да “эми дагы эмнеси чыгаар экен” дешип, элеңдешип, “айланайын, деги тынчтык эле болсо экен” деп кулактарын түрүшүп, эрмеги эле ушу экөө болуп калды. Азыр бул душмандашкан “эки достун”  компроматтар согушу “эки айылды эриктирбей, бир айылды бириктирбеген” образдын деңгээлине түшүп, кыргыз бийлигин, айрыкча президенттик институтту катуу дискредитациялап жатат. Каралоо аракеттеринин маани-маңызы деле эң примитивдүү деңгээлде. Бири-бирин бакиевчилерге байланыштыруу болуп, “сен мародер, өзүң мародер, сен бакиевчи” деп эле тынымсыз жаманаттылоодон көтөрүлө алышпады.

“Сен Максим, мен Максим эмес, сен Максим!” деп Атамбаев менен Текебаев бири-бирине сөөмөй кезеп, эфирди чаңдатып, тынчыбай жатса, аларды айыгыштырып отко май бүркүп, Сапар Исаков, Илим Карыпбеков, Аалы Карашев сыяктуу Максимдин бир катар “малайлары” жүрсө, кантип жаныңан түңүлбөйсүң? Түңүлөсүң албетте! Эл деле: “Бийликтен кеткиси келбей, референдум аркылуу бийлигин узарткысы келип жаткан “Кабылан” ушинтип отуруп, “Текени” жайласа, анан алсырап, аброю кеткен неме бийликти кармап кала албай Максимдин шакирттерине жем болбойбу? Анда алар эртең эле кечээги шефин алып келишээр, керек болсо, ошол “белгисиз жолдор менен алынып келинди” делген документтерди президенттин тегерегиндеги “шнырлары” аркылуу Максим өзү ыргытып жаткандыр, процессти тездетүү үчүн…” деген кептерди айтышууда. “Ай, экөөнүн тең булганычы билинип калды, экөө тең жоголсун!” деп импичмент сунуштагандар да жок эмес.

Сабыр МУКАНБЕТОВ, Темир Сариевдин серепчиси

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: