Menu

Орусияда каза болгон жети тажик мигранттын сөөгү мекенине жеткирилет

Бөлүшүү:

Тюмен облусунун Юргин айылынан алыс эмес жердеги “Абсолют Агро” тоок фабрикасынын курулуш аянтчасында19-ноябрда түнүчүндө болгон өрттөн каза болгон жети тажик мигранттын сөөгү мекенине 23-ноябрда жеткирилет.

Орусиянын Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда жүк-200 менен жасаттарды жеткирүү боюнча тиешелүү документтер даярдалууда. Каза болгондордун баары Согди облусунан келишкен.

Мигранттар иштеген «Горизонт» компаниясы каза болгон тажик жумушчулардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берет, андан тышкары сөөктөрдү Тажикстанга жеткирүү жана жерге берүү чыгымдарын көтөрөт.

Тюмен облусунун Юргин айылындагы “Абсолют Агро” тоок фабрикасынын курулуш аянтчасында вагондон чыккан өрттөн Тажикстандын жети жараны курман болду. Алар 19дан 29га чейинки курактагылар болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча окуя өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан келип чыккан. Бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: