Menu

АКШ бийлиги Рождестводо Европада теракттар болушу мүмкүндүгүн эскертти

Бөлүшүү:

АКШ бийлиги Рождество жана жаңы жылдык майрамдар маалында Европада теракт жасоо коркунучу бар экенин эскертти.

АКШнын Мамлекеттик департаменти «Ислам мамлекети» жана «Аль-Каида» топтору Европада теракт жасоого даярданып жаткандыгы тууралуу айтылган ишенимдүү маалыматка шилтеме кылууда.

Америкалык жарандар үчүн туристтик жайларга, адамдар көп чогулган жерлерге барганда жана коомдук транспортто сак болуп, кыраакылыкты сактоо сунушталды.

Документте акыркы жылдары ислам экстремисттери тарабынан жасалган Бельгия, Германия жана Түркия өлкөлөрүндөгү чабуулдар жөнүндөгү маалыматтар да жазылган.

Өткөн дем алыш күндөрү француз полициясы террордук кол салууларга даярдык көрүп жаткан деген шек менен жети кишини камакка алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: