Menu

Бишкектин коомдук транспортторунда электрондук билет системасы 2020-жылдан тарта кирет

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортторунда электрондук билет системасы 2020-жылдын январь айынан тарта ишке кирет. Шаардыктарга карта, билерик жана брелок сунушталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлайт.

Биринчи айлампада система коомдук транспорттордо жүрүү үчүн жол кире төлөөгө жол ачса, келечекте унаа токтотуучу жай, велосипеддерди ижарага алуу, театр жана музейлерге кирүү үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Электрондук билеттер үч категорияга бөлүнөт: пенсионерлер жана майыптар үчүн жеңилдетилген карта, окуучулар үчүн карта жана жеңилдиги жок стандарттык карта. Картаны жоготуп алган учурда аны колдонууну бөгөттөп коюуга мүмкүнчүлүк бар.

Карталар почта бөлүмдөрүндө, мобилдик операторлордун кеңселеринде жана ири соода түйүндөрүндө сатылат.

Бишкекте 20-сентябрдан баштап тесттик режимде 10 троллейбус жана 10 автобуста электрондук билет системасы киргизилген.

«Электрондук билет» долбоорун тендерден утуп алган швейцариялык BPC AG компаниясы ишке ашырууда. Ал өз кызматын 24 миллион 120 миң сомго (344 миң долларга) баалаган. Мэриянын маалыматына караганда, компания транзакциянын төмөнкү баасын сунуштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: