Өзбекстанда бийлик ар жылы бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди, анын ичинен мугалим, дарыгер жана студенттерди мажбурлап пахта жыйноого жөнөтөт.
Орточо эсеп менен 200 000 студент эки айга чейин түшүм чогултуу үчүн талааларда болушат. Баш тарткандар окуудан чыгып калуу коркунучунда. Студенттер талаа шартында күн кечирүүгө аргасыз.
Өзбекстанда мажбурланган эмгек колдонулгандыктан ири бренддер өзбек пахтасын сатып алуудан баш тартышат. Бирок өзбек бийлиги буга карабайт, себеби пахтадан жылына 1 миллиард доллардан кем эмес пайда түшөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ