Menu

Тажик парламенти пандемия маалында бизнеске жеңилдик берүү сунушун жактырды

Бөлүшүү:

24-июнда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы COVID-19 пандемиясына байланыштуу калкка, кичи жана орто бизнеске жеңилдиктерди берүү тууралуу өкмөттүн сунушун жактырды.

Парламентте сүйлөгөн өлкөнүн каржы министри Файзиддин Каххорзода өкмөт COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн социалдык-экономикалык тармактарга тийгизген таасирин азайтуу максатында ишкерликтин бир нече түрүнө 1-апрелден 1-сентябрга чейин салык каникулун берүү жана өз убагында салык төлөбөгөндөргө кошумча төлөм чегербөө тууралуу токтом чыгарганын билдирди.

Каххорзода кичи жана орто бизнеске жеңилдиктерди бергенден кийин өлкө казынасына канча акча түшпөй каларын айткан жок. Ал өкмөт социалдык блоктогу мамлекеттик программаларды каржылоо үчүн эл аралык каржы институттарына жардам сурап кайрылууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

«Эл аралык валюта фонду пандемия маалында Тажикстандын бюджетин колдоо үчүн 189,5 миллион доллар жардам берүүгө макул болду. Ушу тапта акча алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Евразия өнүктүрүү банкы жана башка каржы институттары менен сүйлөшүүлөр уланууда», — деди министр.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: