Menu

Фото – Жалал-Абадда Бахтын, Штраустун, Глинканын шедеврлери жаңырат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы Барпы драмалык театрында 25-ноябрь күнү дүйнөлүк музыкалык маданият тарыхына өчпөс из калтырган Бахтын, Штраустун, Глинканын күүлөрү жана романстары, кыргыздын музыкалык классикасынан Токтогул Сатылгановдун күүлөрү, элдик күүлөр жаңырып, шаардыктарга унутулгус рахат тартуулашмакчы. Анткени шаардагы Глинка атындагы балдардын музыкалык мектеби өзүнүн 60 жылдыгын белгилеп, андагы мугалимдер менен тарбиялануучулар шаардыктарга юбилейлик чоң концерт  тартуулашмакчы.

Глинка атындагы балдардын музыкалык мектебинен ушул кезге чейин миңдеген жаш өспүрүмдөр музыкалык билим алышкан. Бул мектептин тарбиялануучулары ар кайсы деңгээлдеги ири сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып келишет.

-Биздин мектеп 1956-жылы 1-сентябрдан иштеп келатат, азыр 25 педагог иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин миңдеген келечек муундарына музыкалык билим берип, уядан учурду. Бизден бүткөн балдардын арасында кийин Москвадагы консерваторияны аяктап, АКШда, Англияда иштеп жүргөндөрү бар. Мектепте комузда, фортепианодо, үйлөмө аспаптарда, баян жана аккордеондо ойногонду үйрөтөбүз. Азыркы учурда бизде 320 бала билим алып жатат. Ал эми биздин музыкалык педагогдор жана окуучулар жамааты ушул юбилейден пайдаланып, шаардыктарга чоң программадагы концер тартууламак болдук, – дейт мектептин директору Кымбат Бердалиева.

Эскерте кетсек, аталган мектеп шаардагы тарыхый имараттардын биринде жайгашкан. Ал жайгашкан имаратта жыйырманчы кылымдын биринчи жарымында совет бийлигинин аткаруу органдары иш алып барышкан.

zha-muzyka2

zha-muzyka3

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: