Атайын изилдөөлөр жана азыркы рынок шарты тастыктагандай: ири супермаркеттер менен дүкөндөрдүн пайда болушу – жакын арада майда дүкөндөрдүн ишин токтотот.
«Мындай көрүнүш жакыр үй-бүлөлөргө, көп балалууларга, пенсионерлерге, жумушсуздарга терс таасирин тийгизүүдө. Алар азык-түлүктү, ар кандай тиричилик каражаттарын кайда арзан экенин издеп убара болушат же кымбат алууга мажбур. Андыктан, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шаардын бардык супермаркеттеринде сатуу аянты 200 м2 ашкан “социалдык текчелер” болушу зарыл деп эсептейт. Бул текчеде 0%дык үстөгү менен негизги азык-түлүктөр туруп, аларды мэриянын атайын жеңилдик карточкаларынын ээлери сатып алышы керек», – деп эсептейт Бишкек шаардык кеңешине партиянын талапкери Нурдин Абдылдаев.
Талапкердин белгилөөсүндө, мындай текчелерден соода жайларынын кирешеси азайбайт (аларда товарлардын өздүк баасынан 35-50% үстөк кошулаарын эске алганда), социалдык жеңилдиктерге ээ кардарлардын саны дагы аз. «Биз бизнеске кийлигишүүдөн, рынокту башкаруудан алыспыз. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын алдындагы милдет – шаардыктардын кызыкчылыгын коргоо», – деп жыйынтыктады Нурдин Абдылдаев.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Түлеев тарабынан төлөндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ