Премьер-министр Сапар Исаковдун айласы куруду. Иштемиш этип жатат, бирок майнап чыкпай эле. Сооронбай премьер болгондо шылдыңдап күлгөнбүз. Сапар Исаков, керек болсо ошол Сооронбайдын деңгээлине жете алган жок. Жаштык кылып жатабы, же жетекчилик кызматта тажрыйбасы жокпу, айтор кылган иштери көңүл толоорлук эмес. Айланасындагылар да бут тосуп, Атамбаев “аташкасына” ар кандай маалыматтарды жеткирип, жаманаттылап жатканы да өкүнүчтүү болуп турат. Анын үстүнө Султан Сулаймандын “гареминдей” кылып чогултуп алган кеңешчилери да тыңгылыктуу кеңеш бере алышкан жок. Минтип отурса жаңы жылдан кийин Сапар Исаковду кызматтан сүрүп чыгаруу процесси башталчудай.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ