Menu

КР президенти А.Атамбаевге, КР башкы прокурору И. Жолдубаевага укук коргоочу Качкын Булатовдон Ачык арыз

Бөлүшүү:

Мен укук коргочу Булатов Качкынбек 26-октябрда (2016 жылы)  Анарбай Орозовдун үстүнөн Жалал-Абад дын укук коргоо органдары кылмыш ишин жалган далилдер менен токуган, Тергөө жана Жалал-Абад шаардык прокуратура мыйзамдын чегинен чыгып кеткен  факты боюнча  арыз менен сиздерге кайрылгам. Башкы прокуратура арызды Жалал-Абад областык прокуратурага жөнөтүп,  арызды дыкаттык менен текшерет деп мага кат келген эле.

Бүгүн, 23-ноябрь, 2016 жылы мага Жалал- Абад областык прокуратурадан кат келди. Анда кадимки арыз жазган мени иттен чыгарып отписка жазып жиберишиптир. Катты окуп өтө кейидим. Бул эмне прокуратура көз боёмочу орган болуп калганбы? Акча кайдан чыкса ошолордун кебин сүйлөп адамдын тагдырына залал келтирген орган болуп калганбы? Ушундай дагы бетпактык болобу. Мен арызды түшүнүктуү кыргыз тилинде эле жазгам, прокуратура кылмышты жашырыш үчүн сөздү башка мааниге буруп, кылмыш орун алган жерди таптакыр көрмөксөнгө салып, кылмышты жашырып жатышат. Ушундай дагы беспредел болобу? Же Индира Ырысбаеваны жаш деп адаштырып,  прокурорлор акча жасап жатасынарбы? Минтип отуруп силерге ишенип берген бийликти дагы жек көрүндү кылып жатпайсыңарбы, мамлекетти талкалайсынар мыйзам сакчылары. Же силерге акча жасагыла деп кызматка койду беле?  Мен жазган арызды КР Башкы прокуратурасы же УКМК тергөө жүргүзүүсүн  өтүнөм. Биз мыйзамдуу мамлекетпизби же паракор, ууру, эки жүзүү мамлекетпизби?

Арыз эси укук коргочу Качкынбек Булатов 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: