Menu

Киев Москвада украин желегинин өрттөлүшү боюнча нааразылык билдирди

Бөлүшүү:

Украинанын Тышкы иштер министрлиги шейшембиде Москванын борборунда жайгашкан Украинанын Улуттук маданий борборунун имаратынын алдында украин желегинин өрттөлүшүнө байланыштуу Орусияга карата нааразылык билдирди. Бул тууралуу «Интерфакс» билдирүүдө.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн окуяны чагымчылдык деп аташып, Москваны аны иликтөөгө чакырышты.

22-ноябрда каттоодон өтпөгөн «Башка Орусия» улутчул кыймылынын мүчөлөрү Украинанын Улуттук маданий борборунун кире беришин тосуп, украин желегин өрттөшкөн. Полиция окуяга кийлигишкен эмес жана акциянын катышуучуларын кармаган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: