Menu

Эмне үчүн Атамбаевге маалыматтык согуш күчөдү?

Бөлүшүү:

31-мартта КСДПнын курултайы өтө турганы маалымдалган. Алмазбек  Атамбаев партиясына кайрадан төрага катары шайлануусу менен саясатка кайтып келип, парламенттик шайлоого даярданууга кам көрмөкчү. Дал ушул аракет бүтүндөй саясый күчтөрдү чочулатып, жыйынтыгында, маалыматтык согушту жаратты…

Өлкөдөгү эркин ЖМКлар жана Фейсбук колдонуучулары соңку эки жуманын аралыгында Атамбаевди төө бастыга алууга үлгүрүштү, бүтүндөй коррупциялык элементтердин башаты катары сүрөттөлүүдө. «Камалабы?» деген да суроо коё башташты. Таңгалычтуусу, экс-президенттин баштагы коргоочулары, маалыматтык айдыңда мактап жүргөндөр из суутканында болуп атат. «Эгемен», «Фокус» сайттары иштебей калган. «Пиар-менеджер» Алмаз Усенов кумга башын тыккандай эле жок болуп кетти. Фарид Ниязов болсо, өткөн жумадагы КСДПнын жыйынында ындыны өчүп, ыргылжың  абалда калса керек. Себеби, булар күрөшчүл эмес да. Шопур, жансакчылары болсо өздөрүнүн эртеңки күндөрүн ойлошуп, майда калтыракка кабылышкандыр.

Мээрбек Мискенбаев менен Алга Кылычов коомчулукка «жексур» көрүнгөндөй болушуп, ит талагандай абалда калышты. Бул экөө кандай маселе көтөрбөсүн, элди иренжитип атканы жалганбы? Ал эми ишенген КСДП фракциясындагы депутатгардын жарымынан көбү Асылбек Жээнбеков тарапка өтүп, сатып кетиштиби? Бетке чабар Рыскелди Момбеков да кырдаалды алдыртан түшүнгөн окшойт, 180 градуска бурулуп, соңку убакта жээнбековчу катары позициясын тактап койду.
Аныгында, саясаттын кумары менен Атамбаев керт башы үчүн ченебей душман ашырыптыр. Көп саясый күчтөрдү каршылаш кылып алганы белгилүү эмеспи. Ошого жараша саясаттын бороон-чапкынына туруштук бере алчу белдүү азаматтарды топтоп, ЖМК айдынында күч түзүп койгонунда, бүгүнкүдөй тепкиде калмак эмес. Ооба, бийлиги бар кезде баары эле кошомат кылышып, «дүжүрлөнө» беришет. А реалдуу күрөшкө келгенде алар туруштук бере алышпайт экен да. Мына бүгүнкү күндө көрүп атпайбызбы…

Эми эмне кылуу керек? Бул чабуулдар башталышы гана. Азырынча Атамбаев толук кандуу бийликтен ажырай элек, финансылык ресурстары да бар. Өзү тике туруп, биринчиден, маалыматтык күрөштү жүргүзө ала турган калемгерлерди тартып, «душманды дос кылуу» жагын ойлоп, анан саясый күчтөргө карата саресеп салып, өзүнүн айланасына каршылаш тараптагы «таарынган» коомдук ишмерлер менен жарандык активисттерди чогултушу зарыл. «Жылуу сүйлөсөң жылан да ийинден чыгат» дейт. Кыскасы, өзгөрүүгө барышы мезгилдин талабы болууда. Кектешүү каапырга тиешелүү. А эртең кеч болуп, тагдыры ташка жайылып калсачы?..

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: