Франция президенти Франсуа Олланд ЕБдин ички иштери тууралуу «сырттан айтылган кеңештердин керек эместигин» билдирип, АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын Евробиримдикке карата айткан сындарына жооп берди. Мындай пикирин ал АКШнын Франциядагы элчиси Жейн Хартлинин ыйгарым укуктарынын аякташына байланыштуу өткөн иш-чара маалында айтты.
«Европа трансатлантикалык кызматташтыкты улантат, бирок ал анын кызыкчылыктары менен баалуулуктарына негизделет. ЕБге кандай кылуусу керектиги боюнча сырттан кеңештер керек эмес», – деди Олланд.
15-январда Трамп европалык London’s Times жана Bild басылмаларына интервью берип, Британиянын ЕБдин курамынан чыгуу чечими менен тилектештигин билдирип, евроблоктун мигранттарга карата либералдык саясаты башка өлкөлөрдүн да биримдиктен чыгуусуна түрткү болушу мүмкүндүгүн билдирген. Ал ошондой эле 2015-жылы көптөгөн мигранттардын документсиз өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген Германия канцлери Ангела Меркелди да сынга алган. Жооп иретинде Меркель ЕБ өзү үчүн өзү жооптуу болушу керектигин билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы кызматынан кетип жаткан Жон Керри болсо Трамптын айткандарын «ылайыксыз» сөздөр деп атаган. АКШнын шайланган президентинин инаугурациясы 20-январда болот.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ