Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Шаар көчөлөрүн көп миллиондуу насыясыз эле жарыктандырууга болот (видео)

Бөлүшүү:

«Мэрия өзүнүн «Ачык мүмкүнчүлүктөгү шаар» аттуу 2014-2018-жылдарды камтыган программасында билдиргендей, шаардын толук кандуу жарыктандырылбагандыгы шаардыктардын жашоо-шартына, Бишкектин криминогендик абалына жана шаардагы түнкү жол кыймылына таасирин тийгизүүдө. Бирок бул көйгөйдү чечүүнүн жолун  11 млн. насыя алуудан баштады», – деп билдирди Бишкек шаардык кеңешине  “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев.

Тлапкердин  айтуусунда, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы “Жарык шаар” долбоорун  2015-жылдан бери ишке ашырып келет. Бул долбоордун алкагында өлкөнүн чоң калктуу аймактарында жарыктандыруу маселеси чечилип, борбор шаарыбыздын бийлигин жаңы көчө чырактарын алууга каржылоону көбөйтүүсүнө таасир берди.

«Бишкекжарыктандыруунун» маалыматы боюнча, өткөн жылы 64 млн. сом бөлүнсө, 2016-жылы бул сумма 102 миллион сомго жеткен. Биздин долбоор  жашоочуларды эле эмес,  шаар бийлигин дагы шаарды жарыктандыруу багытында туура иш алып барууга шыктандырды десек болот. Бишкек шаардык кеңешинин курамында, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишет деп ишенем», – деп жыйынтыктады  Нурдин Абдылдаев. 

Маалымкат

 «Жарык шаар» долбоору “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан 2015-жылдан бери Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай шаарларында ишке ашырылып келет.

LED-прожекторлорун орнотуу жолу эң жөнөкөй: үй жашоочуларынын жарык орнотуу тууралуу официалдуу кайрылуусу, жарыктандыргыч орнотулган жерге оңой жетүүнү камсыздоо жана  трафарет-информерди орнотуу.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: