Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына Шаршеналиев Жамил Асанбековичтин талапкерлигин карады.
Анын талапкерлигин президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.
Жамил Шаршеналиев баяндамасында 2015-жылы экинчи жолу судьялардын сынагына катышып, өтпөй калганынына байланыштуу КРнын Мамлекеттик юридикалык академиясында доцент болуп бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келгенин билдирди.
“Конституциялык палатанын ишине кызыгып жүрөм. Колдоо көрсөтүүнү суранабыз. Адилетттүүлүктү сактап, чын жүрөктөн кызмат кылганга даярмын” – деп билдирди судьялыкка талапкер Жамил Шаршеналиев.
Депутат Айнуру Алтыбаева Жамил Шаршеналиевге “Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев кызматта болгондо, Жогорку сотко, конституциялык палатага судьяларды тандаганда, татыктуу талапкерлерди өткөзбөй койгону айтылат. Буга кандай дейсиз?” – деп суроо узатты.
“Биз 2015-жылы талапкер болуп аттанганда, Аламүдүн райондук сотунун судьяларынын жарым курамы орто жолдон биринчи турдан өздөрүнүн талапкерлигин чакыртып алышкан. Экинчи, үчүнчү турга аттанбай эле. Ошондо өйдө жактан ушундай туура эмес мамиле көрүлүп жатат деп угуп калгам. Тогуз талапкерден үчөөбүз эле 3-турга чейин күрөшкөнбүз. Балким объективдүү баа болуп калар деп ишенгенбиз. Бирок кайра өкүнүп калганбыз. Арабаевге кирели десек, ошол убакта кабыл албай койгон. Ошондо туура эмес иштер болуп жатканын сезгенбиз. Жыйынтыгы чыккандан кийин айтылган сөздөр чындык экенинине ынанганбыз. Башка жагынан Арабаев менен таанышчылык жок, баа бере албайм”, – деп билдирди Жамил Шаршеналиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ