Экс-министр Мелис Турганбаев жакындан тарта баш калаанын Москва-Дзержинский көчөлөрүнүн кесилишинде баш кеңсеси жайгашкан KICB банктын күзөт башкармалыгынын башчылыгын аркалай баштаганы тууралуу эшиттик. Айлыгы да миң доллардан ашык экени, бир маал келип күрсүйгөн күзөт кызматындагылардын ишин сыдыргыдан өткөрүп кетери каңкуланууда. Үйдө бош жатып, үй-бүлөлүк капчыкка оорчулук келтирбей, бир эсе тирилигин кылдыратып, арыдан-бери иштеп турса жаманбы? Аш-тойдун маалында генералдык пенсиясын кайсы бирине жеткирмек эле? Күчү барында иштей берсин да.
Мурат Тайбасов
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ