Президенттин кеңешчиси кызматынан Икрам Илмиянов кеткенден бери коомчулукта ар кандай талкуулар жаралган. Бири “депутат болот” десе, экинчиси “шайлоо штабын башкарат” дешип, айтор, түрдүү жоромолдорго күбө болгонбуз. Ал эми соңку маалыматтар боюнча Икрам мырза Алмазбек Атамбаевден алыстап калганы, экөөнүн ортосуна кимдир бирөөлөр жагымсыз маалыматтарды жеткизгени боюнча кеп кетти. Албетте, бул жагынан кабарлар келип түшсө, талдап туруп, окурмандар менен бөлүшкөнгө даярбыз.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ