Menu

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы бардык негизсиз чечимдер боюнча сотко кайрылууга даяр

Бөлүшүү:

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы КР БШКнын арыздарды кароочу жумушчу тобуна, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирип арыз менен кайрылды.

Белгилүү болгондой,  23-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Өнүгүү-Прогресс” партиясына эскертүү берген. БАШКнын төрагасы  Кайрат  Маматовдун айтымында, 22-ноябрда аларга Бишкек шаарынын мэриясы тараптан арыз түшкөн, анда   интернет сайттарында туура эмес маалыматтар кеткендиги тууралуу кабарланган. БАШК  кайрылууну карап чыгып, 23-ноябрда партияга эскертүү берилген. Бирок, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы кат жүзүндө эскертүүнү  24-ноябрда гана колуна алган. Партияга эскертүү берүү чечимипартиянын өкүлү жок угузулган.

25-ноябрда партиянын өкүлдөрү БШКга БШАКнын туура эмес ишине нааразычылык билдирип, арыз менен кайрылышты.  Арыз БШКнын жалпы бөлүмүнө  саат 19:30да жеткирилгенде,  бөлүмдүн жетекчиси Чынара Алыбаева жетекчиликтин саат 18:00дон соң арыз кабыл албоо жөнүндөгү буйругун негиз кылып, арызды кабыл алуудан баш тартты. Аталган инцидент боюнча тиешелүү актылар түзүлдү жана жыйынтыгында арызды БШКнын төрайымынын орун басары  Атыр Абдрахматова кабыл алды.

Партиянын арызын кароо 27-ноябрь күнү саат 14:00гө белгиленген. Бирок, БШАК арызды канааттандыруунун мөөнөтү өтүп кеткендигин белгилеп, тосмо арыз менен кайрылган. КРнын “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо” жөнүндөгү Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунда белгиленгендей, аймактык шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү ачык жүргүзүлүшү керек экендигине карабай,  БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев отурумду жабык эшик артында, прессанын катышуусуз өткөрүүнү талап кылды. БШКнын башка мүчөлөрү Назарали Арипов жана Атыр Абдрахматованын мындай иш-аракет мыйзамга каршы келээрин белгилеген жүйөөлөрүнө карабай,  жумушчу топтун башка мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган жок. Бахтияр Кадыров ММК өкүлдөрү менен отурумга катышпастыгын жарыялап, кабинеттен чыгып кетти. Атыр Абдрахматова жабык эшик артында мындай отурумдарды өткөрүү  жакшылыкка алып келбестигин баса белгиледи.

Жыйынтыгында, ММК өкүлдөрү эшик сыртына чыгарылды. Биз ар түрдүү шылтоолордун негизинде шайлоо өнөктүгүнөн “Өнүгүү-Прогресс” партиясын сүрүп чыгаруунун пландалган иш-аракеттери башталды деп эсептейбиз жана өз кызыкчылыктарыбызды БШК менен БШАКнын туура эмес чечимдерин сотто талашаарыбызды билдиребиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: