72 жүргүнчүсү жана борттогу 9 экипаж мүчөсү менен бирге учуп бара жаткан British Aerospace 146 учагы Колумбияда кулап түштү. Аба кемеси Боливиядан Медельин шаарына чартердик каттам менен бара жаткан.
Би-Би-Си кабарлагандай, учакта бразилиялык “Шапекоэнсе” клубунун футболчулары дагы бар болчу. Алар Медельинге Түштүк Америка кубогунун финалында жергиликтүү “Атлетико Насьональ” клубу менен ойноо үчүн сапар алышкан.
Маалымдалгандай, авария Антиокия провинциясында Ла-Уньон районунда болду. Аба кемесинин тиби такталууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ