АКШ “Азаттыктын” тажик кызматынын алты кабарчысынын аккредитациясын жокко чыгаруу тууралуу Тажикстан ТИМинин чечимине кабатыр экенин билдирди.
АКШнын Тажикстандагы элчилигинин 29-ноябрдагы билдирүүсүндө журналисттер демократиялык коомдун жашоосунда маанилүү ролду ээлей турганы айтылган. «Мындан улам АКШ Тажикстан бийлигин эл аралык милдеттенмелерин аткарып, Жарандык жана саясий эркиндик тууралуу эл аралык пакттын алкагында сөз эркиндигин камсыздоого чакырат», — деп жазылган билдирүүдө.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 25-ноябрда “Азаттыктын” тажик кызматынын алты кабарчысынын аккредитациясын жокко чыгарган. Өкмөт мындай кадамга Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кызынын министрликке ишке дайындалышы тууралуу жаңылыктан улам барганы айтылууда. Ага чейин министрлик өлкө башчынын кызы министрликке жумушка келгени тууралуу жаңылыкты өчүрүү талабын койгон. Мындай талапка көнбөгөн соң “Азаттыктын” кабарчыларынын аккредитациясы жокко чыгарылган.
Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Эл аралык журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists) да тажик бийлигин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын журналисттеринин аккредитациясын болушунча тезирээк калыбына келтирүүгө жана ММКнын андан аркы иштешине тоскоолдук кылбоого чакырган.
Аталган комитеттин төрага орун басары Роберт Махони журналисттердин ишине тоскоолдук кылуу тескерисинче, тажик ТИМи өчүрүүнү талап кылган жаңылыктарга коомчулуктун кошумча көңүлүн бурдурарын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ